Кыргызстанда сойкуларды “крышевать” эткен бир топ милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министри Шамиль Атаханов бүгүн, 5-февралда ЖКнын комитет жыйынында билдирди. Жыйында депутат Дастан Бекешев жакында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин "милиция кызматкерлери сойкуларды “крышевать” этет“ деген сөзүн эске салып, "чындыгында эле сойкулук менен алектенген кыздардын укук коргоо органдарында ишенген адамдары бар. Бул боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?” деп суроо узатты. Буга Шамиль Атаханов бул боюнча иштер жүрүп жатканын, натыйжада бир нече милиция кызматкерлери кармалганын, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.