Баткен
облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында окуучулар үчүн балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.Иш-чарага жалпысынан облустагы район-шаарлардан, мектептерден, балдар үйүнөн окуучулар
чакырылып, аларга театрдын чыгармачыл тобунан атайын даярдалган
концерттик программа коюлду.
Облус жетекчиси Жеңиш Разаков балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап: "Келе жаткан жыл ак
тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы
болсун!"- деди. Ошондой эле окуучуларга ыйгарым
укуктуу өкүлдүн белектери тапшырылып, тамак-аш уюштурулуп берилди.