Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин 2-окууда жактырды

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-декабрдагы жалпы жыйынында 2-окууда кабыл алды. Аталган мыйзам долбоору жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында сунушталууда. Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда 1 миллион 73 миңден ашык автоунаа болсо, анын 13 пайызын оң рулдуулар түзөт. Мыйзамдын өлкөгө буга чейин кирип калган оң рулдуу унааларга тиешеси жок. Башкача айтканда, мыйзам күчүнө киргенге чейин өлкөгө киргизилген унааларды каттоого алууга уруксат берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан