Депутаттар Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароону кийинки аптага жылдырды

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароону парламент кийинки аптага калтырды. Мындай чечим депутат Төрөбековдун Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынына келбей калганы себеп болгону айтылды. Спикер Асылбек Жээнбеков: "Нурлан Төрөбеков "белгилүү себептерден улам жыйынга бара албай калдым, кийинки аптага жылдырууңуздарды суранам" деп менин дарегиме кат жибериптир. Өзү жок болгондон кийин кантип карамак элек? Каршы болбосоңуздар дагы бир жумага жылдыралы",- деди. Депутаттар сунушка макул болушту. 
Айта кетсек, Нурлан Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып жүргөнү үчүн айыпталууда. Тактап айтканда, депутатка карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын айрым өкүлдөрү депутаттын жасалма диплом менен жүргөнү аныкталганын жакында жарыялашкан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан