Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарын ыктыярдуу жардамга тартуунун ачыктыгын камсыз кылуу үчүн демилгеленген мыйзам долбоору каралды. Мектептердеги, бала бакчалардагы акча жана башка каражаттарды чогултууну ачык кылуу сунушталууда.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев эл аралык уюмдардын бири жүргүзгөн иликтөөгө таянуу менен мектептерге, бала бакчаларга ата-энелер тарабынан формалдуу эмес түрдө 2 миллиард 200 миллион сом акча каражаты төлөнгөнүн билдирди. Мындай маалыматтан кийин ата-энелер жана мугалимдер менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, айрым ата-энелер мындай төлөмдөргө макулдугун айтышса, айрымдары мүмкүнчүлүктөрү жоктугун, төлөбөсө балдарына мектепте моралдык кысым көрсөтүлөрүн айтышканын билдирди депутат.
Демилгеленген мыйзам долбоорунда окуу жылынын башында окуучулардын ата-энелери кирген Камкордук кеңеш мектеп директору менен зарыл боло турган каржыны эсептеп чыгып, аны мектептин көрүнүктүү жерине илип коюшу керектиги каралган. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо, алардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.