Депутат Эркин Сакебаев Эл аралык иштер боюнча комитетинин курамынан чыгып, Социалдык саясат комитетине кирди
Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Сакебаев парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин курамынан чыгарылды. Мындай чечимди парламент 25-декабрда кабыл алды. Сакебаев Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилди. Айта кетсек, Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева жакында парламент тарабынан вице-премьер-министр болуп шайланган эле.