Быйыл Чүй облусундагы Ысык-Ата районунда кафель чыгаруучу ишкана курулат. Мындай маалыматты бүгүн, 5-февралда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, завод кытайлык инвесторлор тарабынан курулат. “Заводдун курулушуна Кыргызстанда бардык шарттар бар. Жылына бул ишкана 3 миллион чарчы метр кафель чыгарып турат”, - деди Сарпашев.