Жылнаама, 26-декабрь: Мындан 65 жыл мурун орусиялык театр жана кино актёру, ырчы Михаил Боярский туулган

* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы орусиялык театр жана кино актёру, ырчы, телеалпаруучу Михаил Боярский Ленинградда актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөндө Ленинграддагы Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Актёрлук карьерасын 1974-жылы "Көпүрөлөр" тасмасынан баштап, 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" фильмине тартылып, жылдызы жанган. Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына арзыса, 1990-жылы "Эл артисти" наамын алган.
 
* Мындан 121 жыл мурун, 1893-жылы Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын 1-төрагасы Мао Цзэдун Хунань провинциясындагы Шаошань кыштагында төрөлүп, 1976-жылы 9-сентябрда 82 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал 1943-жылдан өмүрүнүн акырына дейре Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы болуп, өлкөнү башкарган.
* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Инд океанындагы Суматра аралдарына жакын жерде суу астында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал цунамини пайда кылган. Бийиктиги 15 метрден ашкан цунами толкуну Индонезия, Шри-Ланка, Таиланд, Индиянын түштүгү жана башка өлкөлөрдүн жээктерине жетип, ири кыйроолорго алып келген. 300 миңге жакын киши цунаминин курмандыгы болгон.
26-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан