Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, материалдар сотко жиберилди. Маалыматты 25-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.