Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз студенттерин мекенди сүйүүдө Курманжан даткадан үлгү алууга чакырды

Түркиянын Анкара шаарында 20-декабрда "Курманжан датка" тасмасы тартууланды. Фильмди көрсөтүү Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематографисттер департаментинин кинозалында өттү. Иш-чараны уюштурууга Стамбул шаарындагы "Кыргызстан достук жана маданият коому" жана Кайсери шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу М.Курт колдоо көрсөткөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тасмага күбө болууга КРнын Эл артисти, тасманын башкы каарманы Назира Мамбетова, тасмадагы башкы каарман Азиз Мурадиллаев, Т.Океев атындагы Улуттук киностудиянын директору Гүлмира Керимова жана башкалар чакырылган.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов катышуучуларга, Анкара шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттерге кайрылып, Курманжан датканын Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү ордун белгиледи жана кыргыз жарандарын патриоттуулук жана мекенди сүйүүдө аталган инсандан үлгү алууга чакырды.

Тасманы көрсөтүү аншлаг менен өткөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан