Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга мейманкана комплекстерин куруу тармагына инвестиция салууга кызыкдар

18-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси жана Кайсери шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу М.Курттун көмөгү менен "Кыргыз Республикасына инвестиция салгыла" деген темада тегерек стол өттү. Жыйынга түркиялык 60тай компания катышкан. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чарага катышууга Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин өкүлдөрү да чакырылган.  

Тегерек столдо түркиялык ишкерлерге Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү, Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Түркиялык компаниянын өкүлдөрүнүн айыл чарба, телекоммуникация, оор жүк ташуу, чакан ГЭС жана мейманкана комплекстерин куруу тармагына инвестиция салууга кызыкчылыгы арткан. Алар бул жаатта кошумча жолугушууларды өткөрүп, биргелешкен долбоорлорду кеңири талкуулоону элчиликке сунушташты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан