"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2013-жылы “Жылдын супер дебюту” наамын жеңип алган ырчы Жоодарбешим 25-декабрда борбор калаада алгачкы жолу жеке концертин берди. Спорт Ордосунда орун алган тушоо кесүү концерти 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты, ал эми күйөрмандары залдын 70 пайызын ээледи. Кечеде алып баруучулук милдетти актёр Амантур Абдусалам уулу жана телеалпаруучу Жийде Зоотбекова аркалашты. Келечектен көптү үмүттөндүргөн Жоодарбешим эл алдына чыгып, сүйүнүчү коюнуна батпай, толкунданып жатканын айтты. Өзүнүн башынан өткөн тагдырын ырга айланткан талант ээси ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланган ырларын жаңыртты. Алардын арасында кулакка сиңген “Өкүнбө”, “Жубайым болчу”, “Унутулбас махабатым”, “Жаман ойлобо”, “Кечир, таарынтсам эгер” аттуу кайрыктары болду. Анын ар бир номерин “Эксклюзив” жана “Миң кыял” тобунун бийчилери коштоп турушту. Бир канча музыкалык аспапта кол ойноткон ырчы концертинде аккордеон тартып, жандуу үн менен обон созду. Ошондой эле Жоодарбешим күйөрман кыздары берген гүлдестелерди көтөрүп, “Ата-энеме кат” ырын аткарып, апасынын алдына барып гүл тапшырды. Андан соң уулунун ийгилигине күбө болуу үчүн ат арытып Токтогулдан келишкен ырчынын ата-энеси сахнага чыгып, келген көрүүчүлөргө алкыш айтып, уулуна ак батасын беришти. Ырчыны куттуктап “Кыз-Бурак” тобу, Айпери Кубик кызы, Замир Арыкбаев, Ильяз Абдыразаков, Мажиттин карындашы Сайкал ыр белек сунушса, "Тамашоу" долбоорунун "Кыргыз двор" командасынын оюнчулары көңүлдүү маанай тартуулашты.
“Концерт башталарга чейин маанайым абдан чөгүңкү эле. Борбор калаада жеке концерт берүү абдан оор экенин эми билип отурам. Жакшы уюштуруу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Айрыкча сахна жасалгасына басым жасадык. Элдин купулуна толду деп ишенем”,- дейт толкунданган Жоодарбешим.