Чүй облусундагы Сокулук районунун жана Баткендеги Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын жер маселесине байланышкан кайрылууларын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы 25-декабрда парламентте каралды.
Талкууда депутаттар бул маселени тиешелүү күч органдары карап чыгышы керектигин, комиссия иликтеп чыккан материалдарды өкмөткө өткөрүүнү сунушташты.
Жыйынтыгында депутаттык комиссиянын маалыматын эске алуу боюнча токтом кабыл алынды. Анда өкмөттүн жер саясаты боюнча иши жетишсиз экени белгиленип, жер мыйзамдарын кыянаттык менен бузган фатыларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүү тапшырылды. Башкы прокуратурага комиссия ишинде белгиленген фактыларга укуктук баа берүүгө сунуш берилди.
Белгилей кетсек, комиссиянын иликтөө иштери 6 айга созулду.