Кыргызстандык жарандардын Орусиянын аймагына кирип, чыгуу тартиби өзгөрүүсүз калтырылды. Тактап айтканда, 2015-жылдын 1-январынан баштап кыргызстандыктар аталган өлкөгө мурункудай эле, ID-card же чет өлкөгө чыгуучу паспорттору менен кирип-чыга алышат. Маалыматты 25-декабрда Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. Жашы жете элек жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана өлкө жарандыгы тууралуу атайын маалым кат менен чек арадан өтө алышат.
Орусиялык жарандардын Кыргызстанга кирип, чыгуу тартиби да өзгөрүүсүз калары айтылды.
Эскерте кетсек, кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-январынан баштап Орусиянын аймагына кирүүдө чет өлкөгө чыгуучу паспортторун (загранпаспорт) көрсөтүүгө милдеттүү болору буга чейин өкмөт тарабынан маалымдалган. Орусиянын аймагынан сыртка чыгууда да аталган паспорт колдонулары, Орусиянын чек арасын кесип өтүүдө 16 жашка чейинки балдар да сыртка чыгуучу паспортун көрсөтүүгө тийиш экени буга чейин айтылган эле.