Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Кум-Бел" кенин иштетүү лицензиясы аукционго коюлат. Геология жана минералдык ресурстар агенттиги 25-декабрда билдиргендей, аукцион 2015-жылдын 2-мартында Сузак райондук акимчилигинин имаратында өтөт, баштапкы баа - 100 миң доллар. Аукционго катышууну каалаган компаниялар документтерин 27-февраль күнү саат 15:00гө чейин тапшырышы керек. Тийиштүү суроолорго жооп алуу үчүн (0312) 90-98-64 номуруна чалууга болот.
Айта кетсек, "Кум-Бел Түштүк-Чыгыш" жана "Кум-Бел Түштүк-Батыш" тилкелеринде көмүрдүн кору бар.