Жогорку Кеңеш 2014-жылы өкмөт тарабынан сунушталган 144 мыйзам долбоорунун 62син кабыл алса, анын 59уна президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Муну 26-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, парламент ушул жылы эл аралык макулдашуулар боюнча 37 мыйзам долбоорун кабыл алган. Ошондой эле өкмөттүн аппаратына Жогорку Кеңеш кабыл алган 45 токтом келип түшсө,13ү аткарылып, 32си аткарылуу стадиясында турат. Парламенттик фракциялардын 29 чечиминин 18ине жооп жиберилип, 11 чечим каралып жатат. Комитеттер тарабынан берилген 146 чечимдин 105ине маалымат жиберилип, 42си каралып жатканы айтылды.