Токтогул районунда унаасынын ичинде уктап калган айдоочу газга ууланып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя кечээ, 25-декабрда саат 13:55 чамасында болгон. Аталган жерге барган куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.