Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнге "Кыргыз улуттук университетинин ардактуу доктору" наамы ыйгарылды

Бүгүн, 5-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнге "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу доктору" наамы ыйгарылды. Мындай наам элчиге аталган окуу жай менен тыгыз байланышта болуп, кыргыз студенттеринин чет өлкөдөн билим алуусуна жардам бергендиги үчүн берилди. “Ван Кайвэнге бул наамды ыйгарууга университеттин жамааты макул болду. Улуттук университеттин 100дөн ашык студенти элчинин жардамы менен Кытайда билим алууда”,- деди аталган окуу жайдын Кыргыз-кытай институтунун директорунун орун басары Бактыбек Келдибеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан