Каржы министрлиги: Теңдештирүүчү гранттар толук каржыланды

Кирешелерди теңдештирүү үчүн 2014-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилчү теңдештирүүчү гранттардын жалпы суммасы 1 миллиард 299 миллион 798 миң сом деп бекитилген. Бүгүнкү күнгө гранттар толугу менен каржыланды. Маалыматты 26-декабрда Каржы министрлиги билдирди.

Теңдештирүүчү гранттарды 1 шаар (Көк-Жаңгак шаары) жана 453 айыл өкмөттүн 384ү алганы айтылды.

“Кыргызстандын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамына ылайык, теңдештирүүчү гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акылар, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш",- деп билдирет министрлик.

Теңдештирүүчү гранттар - республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик камсыздалышы, мамлекеттик кызматтарынын минималдык пакетин жабуу үчүн жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн каражат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан