Бишкекте өтчү президенттик балатыга миңден ашуун окуучу чакырылган

Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты өтөт.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, майрамга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алар үчүн сахнада “Шаттык” хореографиялык ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын 300 тарбиялануучусунан концерттик программа тартууланат.

Чакырылгандардын арасында мыкты окуучулар, эл аралык сынактардын, таймаштардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар. Мындан тышкары майрамга №71-жатак-мектебинин тарбиялануучулары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар чакырылган.

Алар үчүн “Щелкунчик” жомогунун сюжетине ылайык оюн көрсөтүлөт. Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер жана таттуулар тапшырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurzat.71
2014-12-27 19:34:31
балдарга ушундай конул бурулса,балдарга да дем куч кошулат,мындан да жакшы окууга умтулушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан