Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунун тургунунун үйүнөн баңгизаты табылды

Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылынын тургуну, 1971-жылы туулган А.П. аттуу адамдын үйүнөн 3 килограмм баңгизаты табылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, бул адам мурда дагы сот жообуна тартылган. Аны кармоо ишин «Мак-2012» операциясынын ыкчам тобу жүргүздү. Учурда ал адамга кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан