Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты майрамы өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө балдар үчүн "Кырсылдак" ("Щелкунчик") жомогу көрсөтүлүүдө. Ага ылайык, Кырсылдак жана анын аскерлери падышалыкка умтулган келемиш башкарган терс күчтөргө каршы күрөшүүдө.
Айта кетсек, майрамга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алар үчүн “Шаттык” бий ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын 300 тарбиялануучусу концерттик программаны тартуулашууда.