Казакстандын Алматы шаарында 24-декабрда кыргызстандык мигранттардын маселеси талкууланды. Тактап айтканда, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мигранттардын көйгөйүнө байланышкан тегерек столго катышышты. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жыйында Алматы шаарындагы чет элдик мигранттардын азыркы абалы, кыргызстандык мигранттарга тийиштүү статистикалык маалыматтар айтылды. Казакстандын айыл жерлеринде жашаган Кыргызстандын айрым жарандары жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүшпөй турганы, мындан тышкары алардын салык органдарынан жеке идентификациялык номур алууда, билим берүү, саламаттыкты сактоодо, шаарга каттоого турууда кыйынчылыктарга кабылып жатканы маалымдалды.
Жыйынтыгында эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча сунуштамалардын долбоору иштелип чыкты.
Долбоор эки өлкөнүн өкмөттөрүнө сунуш катары көрсөтүлмөкчү.