Кыргызстанда 2015-жылдын 1-январынан 7-январына чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Тийиштүү токтомго КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 26-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, дем алыш күндөрдүн жылдырылышы майрам күндөр менен иш күндөрүн туура пайдалануу максатында кабыл алынган.
КРнын Эмгек кодексине ылайык, жумасына 5 күн иштеген мамлекеттик ишканалардын эс алуу деп жарыяланган күндөрдөгү иш күнү (2-январь, 5-6-январь) 2015-жылдын 10-январь, 21-февраль, 23-март күндөрүнө жылдырылды.