Президент балдарга: "2005, 2010-жылдары бизди келемиштер башкарган, бирок эл аларды кууп жиберди"

"Биздин эл 2005 жана 2010-жылдары бийликтеги келемиштерди кууп чыккан",- деди бүгүн, 26-декабрда президенттик балатынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чарада көрсөтүлгөн "Кырсылдак" ("Щелкунчик") жомогунан жакшы сабак алса болот. "Бул жомокто падышалыкка умтулган келемиш жакшы баланы жаңгак жаргычка айланткысы келет. Бирок Кырсылдак өз аскерлери менен аларды жеңип салат. Бизди да бир убакта ушундай келемиштер башкарган. Бирок эл аларды кууп жиберген. Буга карабастан, бүгүнкү күнү да ушундай келемиштер бийликте калууда. Мен ишенем, өсүп жаткан жаңы муун бир да келемишке бийликке келүүгө жол бербейт",- деди балдарга президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан