Сокулук районунда айдоочу 9 жаштагы кызды сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-декабрь күнү саат 09:00 чамасында Бишкек - Күн-Туу унаа жолунда болгон. Анын кесепетинен жабыркаган 9 жашар кыз ооруканага жеткирилген. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.