АКШ Ооганстандагы согуштук миссиясын кийинки аптада жыйынтыктайт

Америка Кошмо Штаттары өзүнүн Ооганстандагы согуштук миссиясын кийинки аптада жыйынтыктайт. Маалыматты АКШ президенти Барак Обама 25-декабрда америкалык аскер кызматкерлери менен жолугушууда билдирди. "Биз 13 жылдан ашык согуштук абалда жүрдүк",- деген Обама 2001-жылы октябрда Нью-Йорк жана Вашингтондогу терактка жооп катары Ооганстанда башталган операция келерки аптада токтой турганын ырастады. 
Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, Обама америкалык кампаниянын арты менен оогандыктарда өлкөсүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп, АКШда коопсуздуктун деңгээли өскөнүн кошумчалады.  
Алдыда дагы татаал миссиялар турганын, алардын бири "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүү экенин кошумчалады АКШ лидери. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан