Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте абоненттерди электр жабдуулары менен камсыздоо маселесине тиешелүү мыйзамдын долбоору талкууланууда. Жыйын Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору жарандарды электр жабдуулары менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү электр жабдуулары менен камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган.
Иш-чаранын милдеттери – президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 21-январындагы жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын энергетика тууралуу бөлүмүнүн “Электр энергиясын, анын ичинен ички керектөөчүлөргө берүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу” милдетин ишке ашыруу.
Отурумга комитеттин мүчөлөрү, энергетика министри жана айыл өкмөт башчылары катышып жатат.