Өткөн суткада өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда 3 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 26-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 1,Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Ата районуна караштуу Төш айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 3 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Балыкчы шаарындагы Орозбаев көчөсүндө жайгашкан бут кийим ондоочу жайдын 2 чарчы метр жыгач полу күйүп кетти. Өрттүн чыгуусуна тиричилик шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан