Кыргызстанда 108 800 үй-бүлөнүн турак үйү электр энергиясына туташтырылган эмес. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 26-декабрда энергетика тармагына тийиштүү мыйзам долбоору талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн абоненттерди электр менен камсыздоо үчүн бюджеттен 4 миллиард сомдой каражат бөлүнүшү керек.
“Иштелип чыккан электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын 2014-жылдагы чыгымы 4 миллиард 400 миллион сом болду. Аларга эч кандай киреше кирбей эле, каржылык жоготууларга учурап жатышат. Ал эми 108 800 абонентти электр энергиясына кошуу үчүн бюджеттен каражат керек. Каржы жоктугунан компаниялар өз ишин ийгиликтүү жүргүзө албай жатышат. Же электр энергиясынын баасын жогорулатышыбыз зарыл”,- деди Турдубаев.