Ибрагим Жунусов Кыргызстан - Түркия мамилесин бекемдөөгө бүт аракеттер жасаларын билдирди

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшырды. Жолугушууда президент элчини Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Түркия достук маанайдагы боордош өлкөлөр экенин белгиледи. Өлкөлөр ортосунда бардык тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгын кошумчалады. Элчиликтен 26-декабрда билдиришкендей, Эрдоган Түркия Кыргызстанды ар дайым колдоп келгенин, мындан ары да колдоону улантарын айткан.  
Ибрагим Жунусов өлкө башчынын куттуктоосуна ыраазычылык билдирип, кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары жандантууга зарыл болгон бардык күчтү жумшай турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан