26-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 486 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка учурда секундасына 148 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 144 метр кубду түзгөн. Эске салсак, өткөн жылы 24-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 734 миллион метр кубду түзгөн.