Орусияда кыргызстандык жаран “жасалма акча колдонгон” деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 26-декабрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, шектүү Новосибирскидеги аэропорттон Таиландга кетип жатканда кармалган. Ал үстүбүздөгү жылдын күз айларында Читада болуп, 5 миң рубль номиналындагы жасалма акча каражатын колдонгон. Адистердин айтымында, жасалма акча жогорку сапатта болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.