Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-эне мээримине муктаж балдар үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулду

Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-эне мээримине муктаж балдар үчүн шаар жетекчилиги жаңы жылдык майрам уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарындагы балдар үйүнүн, мектеп-интернаттарынын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Анда "Келечек" балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган театралдаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды.

Бүгүнкү күндөгү аткарылып жаткан бардык иштер келечек муун үчүн жасалууда. Быйыл Ош шаары эң чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөзүп, өнүгүү жолуна түштү. Ошондуктан сиздер жакшы окуп, бир гана шаардын эле эмес, Кыргызстандын керегине жарай турган жаштар болушуңуздар керек. Ар бир Жаңы жылда бардык балдар өз тилегин айтышат. Сиздердин да тилегениңиздер тынчтык, ынтымак болсун, тилеген ой-максаттарыңыздар ишке ашсын”,- деди мэр А.Кадырбаев.

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын атынан 138 балага даярдалган жаңы жылдык белектерин тапшыруу менен жыйынтыкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-26 15:38:06
Жакшы жанылык биринчи очередь азиздерге конул болуш керек жана акча которуш керек кочого елка койгондон кору
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан