Башкы прокуратура депутат Урмат Аманбаеванын ыйгарым укуктарынан ажыратууну Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына сунуштады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Аманбаева КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенген.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.