Кыргызстанда электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке компанияларды жоюу сунушталууда

“Электр энергиясын бөлүштүрүүчү жеке ишканаларды жоюп, алардын ордуна мамлекеттик ишкана түзүү зарыл”,- деп билдирди депутат Бакыт Шаршеев бүгүн, 26-декабрда энергетика тармагына тийиштүү мыйзам долбоору талкууланган жыйында. Анын билдиришинче, жеке компаниялар электр энергиясын мамлекеттен канча сомдон алып жатканы белгисиз.

“Мына ушул нерсе энергетиканы чоң кризиске алып келди. Анткени Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда мамлекеттик компаниялар иштеп, баары ачык жүргөндүктөн, энергетикалык кризис болгон эмес. Азыр энергетиктер светтин баасын көтөрбөсөк, компаниялардын чыгымдары өзүн актабай калды деп жатышат. Бирок жеке компаниялар эч нерсе жасашкан жок да. Светти бөлүштүрүп гана отурушат. Трансформатор, электр өткөргүчтөрүн мамлекет каржылап жатат. Андай болсо жеке ишкананын эмне кереги бар?"- дейт Шаршеев.

Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө электр энергиясын бөлүштүрүүчү 17 компания бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан