Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаев, өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын катышуусунда балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Майрамга республиканын ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алар үчүн “Шаттык” бий ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын 300 тарбиялануучусу концерттик программаны даярдашкан.
Иш-чарада "Кырсылдак" (“Щелкунчик”) жомогунун сюжетине ылайык оюн көрсөтүлдү. Президент өз сөзүндө бул чыгармадан жакшы сабак алууга болорун айтты. Мындан тышкары мамлекет башчы жаштарды көп тил билүүгө чакырган. Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер тапшырылды.