
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы испаниялык "Чупа-Чупс" ("Chupa-Chups") компаниясынын негиздөөчүсү
Энрике Бернат 80 жашында Барселонадагы өз үйүнөн каза болгон. Дүйнөгө белгилүү, өзгөчө кичинекей балдар сүйүп жеген "Чупа-Чупс" ("Chupa-Chups") момпосуюн чыгарган компанияны ачкан Энрике Бернат 1923-жылы 20-октябрда Испаниянын Барселона шаарында туулган. Аталган момпосуйду 1958-жылы балдар колдорун, кийимдерин булгабасын деген ойдо жыгач таякчасы менен чыгара баштаган. Кийин жыгач таякчалар желим таякчаларга алмаштырылган. “Чупар” сөзү испан тилинен которгондо “соруу” дегенди түшүндүрөт.

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Борбордук Азиянын Адам укуктары боюнча мусулмандардын комитети жана Казакстандын мусулмандар биримдиги КРнын Президенти
Роза Отунбаеваны “2010-жылдын эң мыкты мамлекеттик ишмери” деп аташып, президент айымды “Нобель” тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөтүүнү сунушташкан.

* Мындан 66 жыл мурун, 1948-жылы франциялык актёр
Жерар Депардье Франциянын Шатору шаарында туулган. "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты, "Сезар" сыйлыгынын эки жолку ээси Жерар Депардье Францияда гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө таанымал таланттуу актёр. Ал комедияларда гана эмес, мелодрама, тарыхый тасмаларда да роль жараткан көп кырдуу талант. Ал Жан-Поль Бельмондо, Ален Делон сыяктуу белгилүү актёрлор менен катар СССРдин аймагында атактуулукка жеткен. Аны көпчүлүк Пьер Ришар менен чогуу тартылган "Папаши", "Качкындар ("Беглецы"), Кристиан Клавье менен биргеликте тартылган Астерик менен Обеликс жөнүндөгү комедиялары аркылуу таанышат. 2013-жылдын 3-январында Жерар Депардье Орусиянын жарандыгын алган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Таиланддын түндүк-чыгышында, Пхетчабун провинциясында автобус жол кырсыгына кабылган. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкарып бара жатып уктап калган. Катуу ылдамдыкта жүрүп бараткан автобус 30 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Жалпысынан 40 жүргүнчү болсо, кырсык болгон жерден куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн табышкан. Калгандары оор абалында бейтапканага жеткирилген. Ооруканадан дагы бир адам көз жумган.