
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы шотландиялык футболчу
Фил О` Доннелл 35 жашында дүйнө салган. "Мотеруэлл" жана "Данди Юнайтед" клубдарынын беттеши учурунда мотеруэллдик Фил О` Доннелл атаандашынын дарбазасына гол киргизип, сүйүнүчүн күйөрмандары менен бөлүшүү үчүн чуркап бара жатып кулап калган. Ага медицина кызматкерлери жардам берүүгө аракет кылышып, бирок өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы тажик акыны, коомдук ишмер жана окумуштуу
Садриддин Айни көз жумган. Садриддин Айни 1878-жылы 27-апрелде Сактари айылында (Өзбекстандын азыркы Бухара облусунун Гуждуван району) төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү - Садриддин Саид-Муродзода. Бухарадагы медреседен билим алып, ал мезгилдин төбөлдөрү менен жакшы мамиледе болгон. Бухарага советтик бийликтин орношуна чоң салым кошкон. Садриддин Айни биринчи болуп "Тажик адабиятынын үлгүлөрү" аттуу тажик улутунун оозеки чыгармачылыгынын жыйнагын түзгөн. 1951-жылдан тарта Тажик ССРинин Илимдер академиясынын 1-президенти болуп шайланат. 1950-жылдан тартып СССР Жогорку Советинин 3-4-чакырылышынын депутаты болгон. С.Айни Самарканд мамлекеттик университетинин (ошол кезде академия) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал айрым чыгармаларын өзбек тилинде да жазуу менен эки элдин адабиятына салымын кошо алган. "Одина", "Кулдар", "Эскерүүлөр" аттуу чыгармалардын автору. 3 Ленин орденинин жана Кызыл Туу орденинин ээси. Тажик ССРинин Эмгек сиңирген ишмери, Өзбек илимдер академиясынын ардактуу академиги, Тажик Республикасынын Баатыры. Анын сүрөтү 5 сомониде (Тажикстандын улуттук валютасы) түшүрүлгөн.

* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы советтик актёр, СССРдин Эл артисти (1984), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978)
Фрунзик Мкртчян 63 жашында Еревандагы үйүндө көз жумган. Фрунзик Мкртчян 1930-жылы 4-июлда Армениянын Ленинакан шаарында туулган. 1945-1946-жылдары А.Мравян атындагы театрдын алдындагы студияда окуп, 1947-жылы аталган театрда актёр болуп иштей баштаган. Фрунзик Мкртчян окуп жүргөн кезинде эле тасмаларга тартыла баштап, 1955-жылы "В поисках адресата" аттуу анын катышуусундагы тасма жарыкка чыккан. Андан соң актёр "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика", "Тридцать три", "Белый рояль", "Мужчины", "Каменная долина", "Мимино", "Приключения Али-Бабы и сорока разбойников" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.