Эртең, 27-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны болот. Муну 26-декабрда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалымат жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчы быйылкы жылдын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет жана журналисттердин суроолоруна жооп берет.