Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-декабрда Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмушту кабыл алды. Жолугушууда Соода жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйынынын жыйынтыгы талкууланды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, аталган комиссиянын кыргыз-түрк мамилелерин тереңдетүү жана өнүктүрүүдөгү маанисин белгилешти тараптар. Кыргызстандын президенти өлкөлөр ортосундагы алака динамикалык түрдө өнүгүп жатканын айтты.