Бишкекте бүгүн, 27-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны башталууда. Жыйынга жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышмакчы. Өлкө башчы жыл ичинде жасалган иштер тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берет.