"Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кетүүгө арыз жазган жок, эмгек өргүүсүнө чыкты". Муну президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, башкы прокурор эмгек өргүүсү аяктаса жумушка чыгат.
“Башкы прокурорду да түшүнсө болот, ага абдан кыйын. Журналисттер аны каралап, ушактап жазып жатышат, адам чарчайт да. Эс алууга суранды, мен уруксат бердим. Мурда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган... Аны туура түшүнүү керек, ал башкы прокурор гана эмес, жөнөкөй адам, үй-бүлөсү бар. Аида Салянова абдан чоң иштерди жасап жатат. Бир нерсени айтып коюшум керек, ким башкы прокурор болсо да, Атамбаев президент болуп турганда коррупция менен күрөш токтобойт”,- деди Атамбаев.
Президент сөзүн “ачык айтышыбыз керек, биз жакшы адамдарды тепкилеп, бут тосконду жакшы көрөбүз” деп жыйынтыктады.