Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев 27-декабрда өтүп жаткан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында "Супер-Инфо" гезити тарабынан берилген суроого жооп берди.
"Азыр бизде тандоо турат. Соттук реформа боюнча бир канча жолу жыйындарды өткөрдүк. Анда Конституциядагы айрым беренелерди өзгөртпөсө, реформа ордунан жылбай калышы ыктымал. Мисалы, адамды өлтүрүүгө буюртма бергендер 3 жылдан кийин эркиндикке чыгып кетип жатат. Бул адилеттикпи? Жоопкерчилик жок. Өзгөртүү киргизүүгө да жол жок. Ачык айтайын, азыр колумда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча бардык документтер, жыйынтыктар, "Конституциянын конструктивдүү кемчиликтери" деген бүтүм турат. Юристтерден да бул маселени карап чыгууну сурангам. Же биз Конституцияга кол тийгизбейбиз, же бизге адилеттүү сот көбүрөөк керекпи? Менимче, жок дегенде сотторго тиешелүү бөлүмгө өзгөртүү киргизүү зарыл.
Бир айда жазылган Баш мыйзам идеалдуу болбойт. "Акаев, Бакиевден кийин Атамбаев да Баш мыйзамды өзгөртөт" деп жатышат. Мага кереги жок. Мен өзүмдүн ишимди кылып жатам. Белгиленген иштердин баары аткарылат, же пайдубалы түптөлөт. Бизге адилеттүү сот керек. Баарыбыз бирге чечели. Атамбаевге ишенбесек, анда 3 жыл күтөлү. Эртеби-кечпи, өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек болот. Акыркы маегимде "Конституцияга өзгөртүү киргизүү ниетим жок" деп айткам. Бизге Баш мыйзамда айрым беренелерди өзгөртүү керек. Кардиналдуу өзгөртүү киргизилбейт. Башкы маңыз ошол бойдон калат. Президенттин Конституцияда каралган ыйгарымдуу укуктарын кыскартууну да каалайм. Мөөнөтүм аяктаган соң ишимди уланткым келбейт",- деди.