Алмазбек Атамбаев жыйынтык сөзүндө Ош жана Жалал-Абад облусунун газсыз күн кечирип жаткан тургундарынын сабырдуулугуна рахмат айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-декабрда өтүп жаткан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында жыйынтык сөзү менен кайрылды. "Жыл оор болду. Ошол эле суу тартыштыгына карабай жыл жакшы өттү деп ойлойм. Газды өчүрүп коюшту, бирок бир жылдан кийин газ болот. Ош жана Жалал-Абад облусунун газсыз күн кечирип жаткан тургундарынын сабырдуулугуна рахмат айткым келет. Биз барган сайын чындап көз карандысыздыкка ээ болуп келе жатабыз. Өлкө башка болуп бара жатат, эл башка болуп бара жатат. 
Бириккен Араб Эмираттарындагы сапарда Дубайдын эмири менен сүйлөшүп жатканыбызда ал мага кызыктуу сөз айтты. "Адам эртең менен ойгонгондо күн жакшы болот деш керек. Ошондо гана адам бутуна турат, өлкө да бутуна турат" деди ал. Бул сөздү Дубайды бутуна тургузган адам айтып жатат. 
Кыргызстан аймактагы күчтүү мамлекет болот. Биздин келечегибиз жаркын. Жыл өткөн сайын жашоо да жакшырат. Биз кайда бара жатканыбызды жана кандай жол менен барарыбызды жакшы билебиз",- деп сөзүн аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан