Дамира Ниязалиева социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 26-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Эльвира Сариева аркалап келген. Э.Сариева жакында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган эле.
Д.Ниязалиева:
1960-жылы 22-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы Алматы мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган.
1983-1984-жылдары – Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу;
1984-1986-жылдары – профсоюз комитетинин төрайымы;
1988-1992-жылдары – Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу;
1996-2007-жылдары – "Аманат" фирмасынын директору;
2007-жылы IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп иштеп келген.