"Журналисттер ушак жазып жанын баккыча, ачка жүрүшкөнү жакшы",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда. Мамлекет башчы ушак таратууну диний көз карашта түшүндүрүүгө аракеттенди.
"Хадистерде айтылат, кимде-ким ушак таратса, ал каза болгон бир тууганынын этин жегенге барабар" деп. Келгиле, Кудайдан корколу. Айлыгыбыз аз деп эле ушак, жалган жалаанын баарын жаза бериш керекпи? Айрыкча кыргыз тилдүү журналисттерге айтарым, өзгөрүүгө мезгил келди. Бир жолу мага "айрым журналисттер биримдик түзүшүптүр, бийликти шыбайт экен" деп айтышып, аларга кызмат берүүнү сунушташты. Мен мындай кыла албайм, мейли, каалашынча шыбай беришсин",- деди өлкө башчы.
Алмазбек Атамбаев ММК өкүлдөрүнө карап: "Калыс болуп, чындыкты гана жазалы. Кыргызстан менин эле эмес, силердин да мекениңер, аны баарыбыз сүйүшүбүз керек",- деп сөзүн жыйынтыктады.
Жыйында журналисттердин ушак жазышына айлыктарынын аздыгы себеп болушу мүмкүндүгү тууралуу суроо берилген эле.