Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевди кыска аралыкта кармоо боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаевге тапшырма берилди. Маалыматты 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. "Башында мен башкы прокурор Аида Саляновага тапшырма бергем, ошондон кийин ал (ред. К.Кадыралиев) кызматтан алынды. Жакында эле ички иштер министрине тапшырма бердим. Жакында аны табышат жана тийиштүү чара көрүлөт",- деди мамлекет башчы.
Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Канжар Кадыралиевди издөөдөн натыйжа чыкпай жатканын айтып келишкен. Аны табуу боюнча ИИМ Интерполго да кайрылганы маалымдалган.