"Кыргызстанда келечекте Аида Саляновадай президент болсо дейм",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда. Мамлекет башчы А.Саляновага негизсиз айыптоолор айтылып жатканын кошумчалады. "Дагы кайталайм, башкы прокурор эмгек өргүүсүнө чыкты. Анткени чарчады, кандай басым менен иштеп жатат. Аида Салянова мамлекетке керек адам, Кудай жалгасын, келечекте биздин президент Аида Саляновадай болсо..."- деди президент.