"Кыргызстандагы өнүгүүнү сокурдан башканын баары көрүүдө" деди президент

"Кыргызстанда акыркы 4 жылда бир дагы ишкана курулган жок, бирок өлкөнүн кирешелери 2 эсе өстү",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-декабрда журналисттер менен жолугушууда.

"Эгерде реформалар болбосо, иштер аткарылбаса, мунун баары болот беле? Жок. Бара-бара чыныгы көз карандысыз өлкөгө айланып баратабыз. Муну сокур адам гана көрбөй жатат, башкасы көрүүдө.

Энергетикалык долбоорлор башталды, жолдор курулууда. Кыргызстан башкача өлкө болоруна толук ишенем. 3 жылдан кийин менин ордума башка президент келет, анан ал жана анын үй-бүлөсү уурдабай турган болот, анткени өлкө таптакыр башка болот",- деп билдирди мамлекет жетекчиси. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан